Жаңылыктар
Азия Ньюс: А.Келдибеков соттолуп калганы үчүн президенттик шайлоого катыша албайбы?
Саясат
Азия Ньюс: А.Келдибеков соттолуп калганы үчүн президенттик шайлоого катыша албайбы?

Басма сөзгө баяндма

Бүгүн жарык көргөн Азия Ньюс алгачкы бетине  Ахматбек Келдибеков соттолуп калганы үчүн президенттик шайлоого катыша албайт деген маалыматты жайгаштырган. Азырынча Ахмат мырза  президенттик таймашка даярданымыш этип, өзүнчө саясий күч болууга аракеттенип, аягында  кайсы бир таасирдүү талапкерди колдоп чыгышы мүмкүн экендигин, себеби Келдибековдун президенттик шайлоого катышууга мыйзамдуу укугу чектелүү деп, өткөн жылдын соңунда Жогорку сот тарабынан 10 миллион сом айып тартып, мамлекетке төлөп бергенин эске салып буга байланыштуу азырынча соттолгондугу алынбайт, мындай шартта БШК талапкер катары каттабайт деп жазды.  

Кыскасы Келдибеков бош отурганча саясат менен шугулданууну,келечекте кайсы бир күчтөр менен биригүүнү мелжеп турганын башка айласы деле жок дегенди ушул маалыматтан окуй аласыз. Темага үндөш баш макала КСДПдан шайлоого ким чыга турганы айтылбай таасир талаш күчөй баштады деген аталышта орун алды.  Макала  президенттик шайлоо жакындаган сайын бийликтин ичиндеги топтор ич ара тирешкени байкалат. Эгер мындай көрүнүш ырбай берсе, аягы жакшылыкка алпарбайт. Мамлекеттик система күчтүү болушу үчүн жогорку даражадагы кадрлар биримдиктүү иштеши шарт. 

Бул жагынан президент Алмазбек Атамбаев эртелеп көңүл бурбаса, аягы аянычтуу бүтпөйбү деген ойдун тегерегинде сөз кылган.. Андан ары буйлалаган ала мыйзам деп,  жыл жаңырар алдында буга дейре коррупция беренеси менен соттолуп, булганган экс- чиновник Данияр Нарымбаев жаза өтөө мөөнөтүнөн мурда амнистияга туш келди деп эркиндикке чыкканын андан көп өтпөй 7-апрель окуясы боюнча айыпталгандар да жаза өтөөдөгү үлгүлүү жагдайлары  жана алган жазаларынын үчтөн эки бөлүгүн үй шартында өтөө үчүн соттор тарабынан мунапыска илинип, темир зындандан бошотулганын, жакында мындай тизме дагы уланаарын, болгондо да өзгөчө мыкаачылык иш менен айыпталышып, күчөтүлгөн режимде жазасын өтөп жатышкан кылмышкерлердин эркиндик алышы каңкууланууда деп жазган “Садыркуловду өлтүргөн канкорлор эркиндикке чыкканы турушат” деп аталган  макала орун алган. Темага үндөш  “Элмурза Сатыбалдиев күнөөсүз жерден түрмөгө отуруп чыкты деген аталышта ЖКтин депутаты Улукбек Ормонов маек курган. Бул чакан маекте депутат досу Акматбек Келдибековдун президенттик шайлоого штаб түзгөндүгүн, өзүнүн түштүк аймагы боюнча штабдын жетекчи болгонун дагы  интернеттен окуганын, Бегалы Наргозуевдин сайтына чыккан мындай маалымат кезектеги ушак экендигин, тагыраагы саманкана өрттөндү десе, Самарканд өрттөндү дегендей эле сөз деп билдирген.. Жана Элмурза Сатыбалдиевдин күнөөсүз жерден түрмөгө отуруп чыкканын, болгону моралдык жоопкерчилиги бар үчүн отурганын, досунун бошонуп чыкканына кубанып барып куттуктап келгенин да белгилеген.. 

Сайсаттан дагы бир кеп болочокто болсо деп Абдылдаев, Жолдошева, Кулов, Малиев бириксе саясий кырдаалга таасир этеби деген аталышта тар чөйрөдө айтыла баштаган төрт саясатчы туурасында сөз кылат.  

 Ушул эле бетте коомдук ишмер Эдил Байсалов “ Сирияда согушуп жүргөн кыргыздардын саны миңден ашты деген аталышта маек берген.  Бул санда   уролог- андролог Жаныбек Мамбетовдун “тукумсуздукка туш болгон эркектер көбөйдү, бизге аялдары жетелеп келишет деп дартка чалдыккан эркектердин оорусу туурасында айтып берген маеги орун алды. Дарыгердин маалыматында көпчүлүгү аймактардан келишет Айрым район эмес, облустарда андролог эмес урологдор да жетишсиз. Реформа деп врачтардын санын кыскартканы менен оорунун саны кыскарбаганын, элибиздин келечеги өтө коркунучта деп эркектер көр турмуштун айынан өзүнүн ден соолугуна көңүл бөлө албай убагында дарыланбагандыктан өтүшүп кеткен оорулар көбөйгөн көйгөй туурасында кеңири бөлүшкөн.

Андан ары Бул сандан “Бир Бол” фракциясынан Чолпон Жакупова мандатын таштап кеткенден кийин Дүйшөн Төрөкулов аттуу адам мандат алганын эске салып, бул адам жөнүндө жазылган “Душка” уюшкан кылмыш топторунда мүчө беле деген чакан макаланы окуй аласыздар. Мындан тышкары майда макалалар Рустам Маманов президенттик шайлоодо бир талапкерди сүйрөйт, Айгүл Рыскулова кичи мекенине камкордугун улантууда, Жаныбек Салиев эл алкышына арзууда, Жаныш Бакиевге ким жагалданып жолугуп келди   деген аталышта орун алды. Эки тоо көрүшөт деп, Азия Ньюс дүйнөлүк миллирадерлердин жолугушуусу туурасында жазды. Кечээ эле АКШ президенти Дональд Трамп менен Алибаба групп компаниясынын негиздөөчүсү Жек Ма экөө жолугушканы АКШнын кичи ишкерлеринин өнүгүшү туурасында талкуу болгону маалымдалат. 

Дүйнөдөгү эң бай адамдардын катарында 18-орунда турган Жек Мадан ишкерликке жаңыдан кадам таштап жаткандар үчүн пайдалуу кеңештерин Азия Ньюс аянбай бөлүштү. Кетирилген ар бир ката сиз үчүн өтө манилүү, ар бир ката киреше болуп эсептелинет. Себеби андан сабак аласыз, кайра кайталабашка умтуласыз. 20 жашка чейин окуучу болуңуз. Ишкерлик багыты боюнча бир аз тажрыйба алыңыз. 30ка чыккыча  бирөөнү ээрчиңиз. Кичине фирмада иштеңиз.  Кимди ээрчигеңизге да маани бериңиз. Ал адамдан жакшы гана нерселерди үйрөнүүңүз абзел. 30тан 40 жашка чейин өзүңүз үчүн иштеп калышыңыз кажет.  Ишкер болууну кааласаңыз, 40тан 50 жашка чейинки аралыкта бүт күчүңүздү, дараметиңизди жумшаңыз.  Бул курак жемиштүү курак.  Ары бери секире бербеңиз, өтө кеч.  50дөн 60ка чейин жаштар үчүн иштеңиз. Аларга шарт түзүп бериңиз. Жаштар үчүн инвестиция салыңыз. Ал эми 60тан ашканда убактыңызды өзүңүзгө бөлүңүз деп жазылат.Ишкер болом дегендерге баалуу кеңеш экен, көңүл буруп алыңыз.   

 Драматург, продюсер, сценарист, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жеңишкүл Өзүбекованы кимдер тааныбайт деп, иниси КРнын эмгек сиңирген артисти Асылбек Өзүбеков экөө  21-январда “Биз экөөбүз” деген чыгармачылык кечелерин өткөргөнү турушаарын эскертип, гезит  “Сүйүүдөн жүрөк азап чекпесе, жашоо кунарсыз болуп калбайбы” деген аталыштагы Жеңишкүл Өзүбекованын маегин басты. Көз жүгүртүп алыңыз. Ошондой эле Азия Ньюс бүгүн ар багыттагы белгилүү адамдардын бирге түшкөн сүрөттөрүн тизди. Андан кыргыздын залкарларын, бир кездеги оппозиция лидерлерин, айтор саясаттан аты чыккан  белгилүүлөрдүн сүрөттөрүн көрүүгө болот.  


Биринчи радио, Таалайкүл Сыдыкбекова