Жаңылыктар
Сузак районунда коркунуч жараткан жер көчкү улам алдыга жылууда
Өзгөчө кырдаал
Сузак районунда коркунуч жараткан жер көчкү улам алдыга жылууда

Сузак районунун  Көк-Арт айыл аймагындагы Жалгыз-Жангак айылынын  жер көчкү басып калуу коркунучунда турган үй бүлөлөр  түнкүсүн туугандарынын үйүнө түнөшүүдө. 

Өзгөчө  кырдаалдар  министрлигинин басма  сөз  кызматынан алынган  маалыматтарга караганда, жер көчкү  3-январь күнү  50 метрдей жер көчкү жылып, 16 турак-жайга коркунуч жараткан. 

10-январда жер көчкү дагы 5-6 метр аралыкка жылып,  кошумча 1 үйгө коркунуч келтирген. 

Учурда  17 үй-бүлөөдөн 7 үй-бүлөө коопсуз жерге көчүрүлүп, калган 10 үйдүн жашоочулары түнкүсүн туугандарынын үйлөрүндө түнөп жатышат. 

Айыл аймагы тарабынан тургундарды коопсуз жайга көчүрүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Көчкү коркунучу бар аймак көзөмөлгө алынууда.