Жаңылыктар
Мыкты өндүрүшчүлөргө "Аракет-2016" сыйлыгы тапшырылат
Экономика
Мыкты өндүрүшчүлөргө "Аракет-2016" сыйлыгы тапшырылат

13-январда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында "Аракет - 2016" сыйлыгы тапшырылат. Иш-чараны Кыргызстандык өндүрүштү колдоо максатында ата мекендик өндүрүшчүлөр ассоциациясы жана Кыргызстандын товарларын сатып алуу тобу уюштурууда. 

Уюштуруучулардын айтымында, мында өлкөдөгү алдыда келе жаткан эң мыкты өндүрүшчүлөр аныкталып, сыйланат. Мыктыларды тандоо 2016-жылдын декабрь айында ачык добушка коюлган. Эксперттик кеңеш менен уюштуруу комитети өлкөдө болгон компанияларды изилдеп, узун тизмесин түзгөн. 

Алгач тизмеге 100 компания кирип, атайын топ алардын арасынан 60 компанияны тандап алган. Булардын да арасынан мыкты 14 компания элдик добуш берүү менен аныкталды. Добуш берүүгө фейсбуук социалдык тармагынын колдонуучулары катышты. 

Уюштуруучулардын белгилегендей буга чейин Кыргызстанда өндүрүшчүлөргө арналган атайын сыйлык болгон эмес. 

Болсо дагы коммерциялык негизде аныкталып келген. Ата мекендик өндүрүшчүлөр бирлиги менен жергиликтүү товарларды сатып алуу тобу башынан эле мыктыларды аныктоо эч кандай акчасыз, элдик сыйлык болсун деп чечим кабылган. Мыктыларады аныктоо сынагын жыл сайын өткөрүп туруу пландалууда.