Жаңылыктар
Борбор калаадагы мыйзамсыз курулуштар катуу көзөмөлгө алынат
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор калаадагы мыйзамсыз курулуштар катуу көзөмөлгө алынат

Мындан ары борбор калаадагы мыйзамсыз курулуштар катуу көзөмөлгө алынат. 

Бишкек мэриясы мыйзамсыз курулуштарды аныктоо жана алдын алуу боюнча ыкчам штаб түздү. 

Штабдын курамына мамлекеттик экотехинспекция, Бишкек башкы архитектурасы жана борбор калаанын райондук администрациясы, техникалык, инженердик кызматтар кирет. 

Юстиция министрлиги берген маалыматка таянсак, 2009-жылдан тартып Бишкекте жана Чүй облусунда 400дөн ашуун мыйзамсыз имараттар курулган.