Жаңылыктар
Нарында мектептердеги кышкы эс алууну узартуу зарылдыгы жаралууда
Кыргызстан жаңылыктары
Нарында мектептердеги кышкы эс алууну узартуу зарылдыгы жаралууда

11-январда теңир-тоолук мектеп окуучуларынын кышкы эс алуусу  аяктап, Нарын облусунун бардык 139 билим уясында сабактар башталды. 

Бирок, балдардын тең жарымы мектепке келе элек. 

Активдүүлүктүн төмөндөп кетишине эң ириде айрым жерлерде абанын температурасы түнкүсүн жана эртең менен 40 градуска чейин төмөндөшү жана мунун кесепетинен жылуулукту камсыздоо кыйынга туруп жаткандыгы себеп болууда. 

Ошондой эле окуучулар арасында сасык тумоонун күч алуу коркунучу бар. 

Ушундан улам, кышкы эс алуунун мөөнөтүн узартуу зарылдыгы жаралууда. Бирок жергиликтүү билим берүү бөлүмдөрү бул маселени көтөрүүгө ашыккан жок.