Жаңылыктар
Чет жерлерден жумуш издеп, кулчулукка сатылып кетип жаткан кыргыз кыздары
Кыргызстан жаңылыктары
Чет жерлерден жумуш издеп, кулчулукка сатылып кетип жаткан кыргыз кыздары

Криминалдык деп эсептелген мындай бизнеске кыргыз кыздары кандайча  кабылып жатат? 

Туркияда сойкулукка шектелип кармалгандар, колун байлап башын кан жалатып сабап жаткан кыргыз кыздары туурасындагы социалдык сетке жайгаштырылган видео бул темага кайрылууга негиз берди. 

Сексуалдык кулчулук тилекке каршы бардык өлкөлөрдө ушунчалык тездик менен  мындайча айтканда катастрофалык ылдамдыкта жайылууда. Буга тилекке каршы билими жок аңкоо ошол эле учурда жакшы жашоону кыялдангандар   гана эмес жогорку окуу жайларды мыкты аяктаган аң сезимдүү кыз- келиндер да кабылууда.

Чет өлкөдө гана эмес өз өлкөсүндө да ушундай көрүнүштөр орун алып жатканы албетте өкүндүрөт.  Мындай фактылардын ачыкка чыкканы чыгып чыкпаганы андан көп экенин ошол эле  эксперттер белгилеп келишет. 

 Чет мамлекетке ишке фирма аркылуу жарыя кылып чакырып жаткандар кандай гана ишти сунуштабасын ал келечектеги сексуалдык кулчулукка түртүп жатканы аңдоого, Чет жакта жумушсуз жүрүүдө  кайсы гана өлкө болбосун миграциялык жана эмгек мыйзамы өтө катаал андыктан бул опурталдуу экенин эстен чыгарбайлы. Кайсы гана өлкө болбосун чет өлкөлүк фирма ишке алуучу, башка өлкөдөн адам издебесин  өзүңүзгө ойлонуп чечим чыгарууну эскертет. Кыргызстанда башка өлкөнүн жаранын ишке чакырган көрүнүш барбы?  Буга да ойлонуп көрүңүз.