Парижде өтө турган Олимп оюндарына Кыргызстандын атынан 16 спортчу катышат. Алар спорттун беш түрү: күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер), жеңил атлетика, сууда сүзүү, бокс жана дзюдо оюндары боюнча күч сынашат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Ири мелдешке жолдомо алган спортчулардын тизмеси:
1. Жоламан Шаршенбеков (60 кг, грек-рим күрөшү);
2. Амантур Исмаилов (67 кг, грек-рим күрөшү);
3. Акжол Махмудов (77 кг, грек-рим күрөшү);
4. Үзүр Жусупбеков (97 кг, грек-рим күрөшү);
5. Бекзат Алмаз уулу (57 кг, эркин күрөш);
6. Эрназар Акматалиев (65 кг, эркин күрөш);
7. Айаал Лазарев (125 кг, эркин күрөш);
8. Айсулуу Тыныбекова (62 кг, кыз-келиндер күрөшү);
9. Айпери Медет кызы (76 кг, кыз-келиндер күрөшү)
10. Мээрим Жуманазарова (68 кг, кыз-келиндер күрөшү);
11. Денис Петрашов (сууда сүзүү);
12. Сардана Трофимова (жеңил атлетика);
13. Мунарбек Сейитбек уулу (бокс);
14. Эрлан Шеров (90 кг, дзюдо);
15. Кубанычбек Айбек уулу (66 кг, дзюдо);
16. Елизавета Печерских (сууда сүзүү).