Жаңылыктар

Парижде Олимпиадада улуттук курамдын капитаны Акжол Махмудов болот
Күрөш
Парижде Олимпиадада улуттук курамдын капитаны Акжол Махмудов болот

Париждеги Олимпиадада улуттук курамдын капитаны грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов болот. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Махмудовдун алгачкы беттеши 6-августка пландалган, ал грек-рим күрөшү боюнча 77 кг салмакка чейинкилер категориясында күч сынашат. 

Күрөш боюнча беттештер кечирээк башталгандыктан оюндардын ачылыш аземине балбандар катышпайт. 

Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борборунда 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.