Жаңылыктар

Олимпиаданын ачылышында өлкөнүн желегин Эрлан Шеров көтөрүп чыгат
Дзюдо
Олимпиаданын ачылышында өлкөнүн желегин Эрлан Шеров көтөрүп чыгат

Азия чемпиону, дзюдочу Эрлан Шеров Парижде өтө турчу Олимпиаданын ачылыш аземинде өлкөнүн желегин көтөрүп чыгат. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинен билдиришти. 

Спортчу 31-июлда Олимпиадада дзюдо боюнча 90 кг салмакка чейинкилер категориясында күч сынашат.  

Оюндардын ачылышы 26-июлда өтөт. Ага катышуу үчүн учурда кыргызстандык 16 спортчуда лицензия бар.