Жаңылыктар

Кыргызстан күрөш боюнча эң көп лицензия уткан өлкөлөрдүн катарында
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан күрөш боюнча эң көп лицензия уткан өлкөлөрдүн катарында

Дүйнөлүк күрөш уюму ( UWW)   күрөш боюнча Париж Олимпиадасына эң көп кайсы өлкөнүн балбандары лицензия утканын жарыялады.

Ага ылайык, Кыргызстандан 10 балбан ири мелдеште күч сынашат.

Тизменин сап башында АКШ турат.  Бул өлкөдөн 16 балбан катышат.

Алдынкы ондуктун тизмеси:

1.      АКШ-16;

2.      Япония - 13;

3.      Кытай -12;

4.      Азербайжан -12;

5.      Иран - 11;

6.      Египет - 11;

7.      Түркия - 11;

8.      Куба - 10;

9.      Кыргызстан - 10;

10.    Монголия - 9.