Жаңылыктар

Франция, 100 жылдан кийин кайрадан Олимп оюндарын кабыл алат
Кыргызстан жаңылыктары
Франция, 100 жылдан кийин кайрадан Олимп оюндарын кабыл алат

Франциядагы жайкы олимпиада оюндарынын башталышына саналуу гана күндөр калды. Оюндар 26-июлдан 11-августка чейин уланат. Буга чейин 1900 , 1924-жылдардагы Олимпиадаларды кабыл алган Париж шаары үчүнчү жолу Олимпиаданы уюштурууда.


Француз уюштуруучулары 10 миңден ашык спортчунун 6 чакырымдык Сена дарыясынын жээгинен басып өтүүсүн пландаштырууда. 600 миң адам көрө турган алгачкы план азыр учурда 300 миң адамга кыскартылды. 

Ошондой эле оюндарды көрүү үчүн шаарга келген туристтердин ачылышка билетсиз кирүү планы да өзгөрдү. Көрүүчүлөр ачылыш аземине Уюштуруу комитетинин атайын чакыруу баракчалары менен катыша алышат. 

Эгерде Олимпиада учурунда Сена дарыясында коопсуздукка коркунуч байкалып, ал жактан алыстоо керек болсо экинчи альтернатива катары Эйфель мунарасы көрүнгөн Трокадеро аянты аныкталганы менен ачылыш аземи “Стад де Франс” стадионунда да өтүүсү ыктымал. Мындай абал Олимпиада оюндарынын тарыхында биринчи жолу кезигиши ыктымал. Негизинен буга чейин Олимпиадалык ачылыш аземдер туруктуу бир жерде өткөрүлгөн. 

Уюштуруучулар оюндар учурунда Парижге 15 миллиондон ашык туристтин келерин күтүшүүдө.


Олимпиадада жеңүүчүлөргө 329 комплект медаль тапшырылат. Дагы бир өзгөчөлүк бул жолку Марафон жарышы Олимпиада тарыхында биринчи жолу коомчулуктун, спорт ышкыбоздордун катышуусу үчүн ачык болот. Олимпиадалык трассада жарышка 20 миң ышкыбоз спортчу катышат.


206 мамлекеттин спортчуларынын катышуусу менен болуп өтө турган Париж жайкы олимпиадасы 11-августта аяктаары менен аркасынан ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүктөрү чектелген майып спортчулардын Паралимпиада оюндары башталат. 

Паралимпиада оюндары 28-августтан 8-сентябрга чейин уланат. Анда спорттун 22 түрү боюнча 4400 Пара спортчу мөрөй талашат. Паралимпиада жеңүүчүлөрү үчүн 549 медаль даярдалган. 

Ошентип, 2024-жылы жайкы Олимпиада оюндарына өтүүсүнө кучагын ачкан Франция 2 ай боюнча дүйнөнүн ар тарабынан келген спортчуларга, спорт ишмерлерге жана спорт сүйүүчүлөрүнө олимп майрамын тартуулайт.