Жаңылыктар

Жоламан Шаршенбеков тууралуу кызыктуу фактылар
Күрөш
Жоламан Шаршенбеков тууралуу кызыктуу фактылар


1999-жылы 29-сентябрда Талас облусундагы Манас районуна караштуу Баласаруу айылында туулган.


Атасы Назарбек Рысалиев - ишкер, апасы Гүлнара Жуманалиева - мугалим, Жоламан беш бир туугандын үчүнчүсү.

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын машыктыруучулук факультетин аяктаган. Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери.

Бою 161 см, салмагы 55 кг.

Жеке машыктыруучусу – КР эмгек сиңирген машыктыруучусу, 87 жаштагы Хаким Махмудов.

Спорттук жетишкендиктери:

• Кыргызстандын төрт жолку чемпиону;

• Азия чемпионатынын алтын медалынын ээси (Индия, 2015);

• Азия чемпионатынын коло байгесинин ээси (Тайбэй, 2016);

• Дүйнө чемпионатынын коло медалынын ээси (Грузия, 2017);

• Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси (2017);

• Дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси (Финляндия, 2017);

• Дүйнө чемпионатынын күмүш медалынын ээси (2018)

• Дүйнө кубогунун ээси (2020)

• Дүйнөнүн эки жолку чемпиону (Сербия, 2022, 2023)

• Азиянын үч жолку чемпиону (2022-2023-2024-ж.ж.).