Жаңылыктар

Акжол тууралуу кызыктуу фактылар…
Күрөш
Акжол тууралуу кызыктуу фактылар…

Акжол Махмудов 1999-жылы 15-апрелде Ош облусунун Араван районунда туулган.

Атасы Мухаммед беш баланы эрезеге жеткирген. Өзү базарда соода-сатык менен алектенет. Махмудов апасы тууралуу кеп кылганды жактыра бербейт.

Беш бир тууган, 2 агасы жана 2 карындашы бар. 

Күрөш дүйнөсунө келип калуусуна агалары себеп болгон.

Бою 180 см, салмагы 77 кг.

Футбол ойноп жатып жаракат алган Акжол 2020-жылы Германиядан тизесине операция жасаткан. 

Балбандын каймана аты "Акула". Бул ысымды алып калуусуна Махмудовдун россиялык балбан Аслан Зубаировдун чеберчилигине кызыкканы себеп болгон.

Акжол өлкөнүң эгемен тарыхында грек-рим күрөшүнөн Дүйнө чемпиондугуна жеткен биринчи балбан.

Грем-рим күрөшү боюнча эл аралык даражадагы спорт чебери.

Дуйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону.

Кыргыз Республикасынын күрөш боюнча көп жолку чемпиону.