Жаңылыктар

Кыргыз спортчуларынын кийими: туубуздун түсү, саркеч, ыңгайлуу, сапаттуу
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз спортчуларынын кийими: туубуздун түсү, саркеч, ыңгайлуу, сапаттуу

Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын кийимин ата мекендик дизайнерлердин командасы: Сонун Нурманбетова, Алтынай Рыскулова, Салтанат Мамытова, Владимир Арановский жана Нурсултан Муратов иштеп чыгышкан. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Форма Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегинин түсүн чагылдырат жана аба ырайынын шарттарын эске алуу менен спортчулар үчүн ыңгайлуулукту жана функционалдуулукту камсыздайт.

Кийим, анын ичинде бут кийим толугу менен ата мекендик өндүрүштөгү жогорку сапаттагы материалдардан жасалган.

Формалардын бир комплектисинин (трикотаж күрмө, юбка/шым, куртка жана бут кийим) баасы 36 миң сомду түздү.

Салтанаттуу спорттук формалардын фотосессиясына Париждеги Олимпиада оюндарынын катышуучулары, сууда сүзүү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери Елизавета Печерских жана 2024-жылдагы Дүйнө чемпиондугунун коло байгесинин ээси, 2022-жылкы жайкы Азия оюндарынын чемпиону Эрлан Шеров катышты.