Жаңылыктар

Айсулуу Тыныбекова тууралуу кызыктуу фактылар
Спорт
Айсулуу Тыныбекова тууралуу кызыктуу фактылар


Айсулуу Тыныбекова1993-жылы 4-майда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында төрөлгөн.

Үй-бүлөдө төртүнчү бала, эки эжеси, ага-иниси бар. 

Ал бала кезинен баштап спортко жакын болуп өскөн.

Спортко жакын болушуна апасы чоң салым кошкон.

Үй-бүлөдө өзгөчө салт бар: баары күн сайын эртең менен чуркашат.

Кыргызстандын тарыхында спорттун Олимпиадалык түрлөрүнөн Дүйнө чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык спортчу.

Күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында эки жолу күрөшүп, эки жолу тең жеңишке жеткен алгачкы кыргызстандык.


  • Эркин күрөш боюнча дүйнөнүн үч жолку чемпиону
  • Азиянын беш жолку чемпиону
  • Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү
  • Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген спорт чебери.
  • "Даңк" медалы, II даражадагы Манас орденинин ээси