Жаңылыктар

Кыргызстандын курама командасы Олимпиаданын ачылыш аземине даяр
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстандын курама командасы Олимпиаданын ачылыш аземине даяр

Бир нече сааттан кийин Парижде Жайкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи болот.

Кыргызстандын курама командасы салтанатка даяр.

Ачылыш аземде өлкөнүн желегин Азия чемпиону, дзюдочу Эрлан Шеров жана сууда сүзүү боюнча Эл аралык даражадагы спорт чебери Елизавета Печерских көтөрүп чыгышат.

Эске салсак, оюндар 26-июлдан 11-августка чейин уланат.

Кыргызстандан 16 спортчу спорттун беш түрү: күрөш, бокс, дзюдо, жеңил атлетика жана сууда сүзүү боюнча ат салышат.

Ири мелдештер УТРК жана УТРК СПОРТ телеканалдарында түз эфирде көрсөтүлөт.