Жаңылыктар

Казакстандык курама команда алгачкы медалын утту
Спорт
Казакстандык курама команда алгачкы медалын утту

Парижде өтүп жаткан жайкы Олимпиадада казакстандык спортчулар алгачкы медалын утушту. Бүгүн, 27-июлда Ислам Сатпаев жана Александра Ле ок атуу боюнча коло медалга ээ болушту.

Алар 10 метр аралыкта (микст) ок атууда Германиянын спортчулары менен кез келишкен.

Белгилей кетсек, Казакстандын спортчулары спорттун 25 түрү боюнча 92 лицензияга ээ болушкан.

Олимпиада оюндары 11-августка чейин уланат.

Сүрөт: МОК