Жаңылыктар

Денис Петрашов 100 метр аралыкка брасс стилинде сүзүүдө 23-болуп келди
Сууда сүзүү
Денис Петрашов 100 метр аралыкка брасс стилинде сүзүүдө 23-болуп келди

Бүгүн, 27-июлда Париждеги Олимпиада оюндарында сууда сүзүү боюнча Олимпиадалык дистанциялык жарыштар башталды.

Кыргыз спортчусу Денис Петрашов брасс стилинде 100 метр аралыкка сүзүү боюнча 1 мүнөт 42 секундда марага жетип жарым финалга чыга алган жок.


Ал жалпы эсепте 36 спортчунун арасынан 23-орунда келди.  

Белгилей кетсек, кыргыз спотчусу 30-июлда саат 16:50дө 200 метр аралыкка брасс стилинде жарышка чыгат.