Жаңылыктар

Олимпиада - 2024: Италиянын желегин көтөргөн спортчу ачылыш аземде нике шакегин жоготту
Спорт
Олимпиада - 2024: Италиянын желегин көтөргөн спортчу ачылыш аземде нике шакегин жоготту

Италиянын желегин көтөрүп чыккан Джанмарко Тамбери Олимпиада оюндарынын ачылышында нике шакегин дарыяга түшүрүп алган.

Ал бийиктикке секирүү боюнча 2020-жылы өткөн Олимпиаданын чемпиону.

Парад учурунда спортчу желекти желбиретип, көрүүчүлөр менен кубанычтуу саламдашып жатканда нике шакеги дарыяга түшүп кеткен.

Джанмарко социалдык тармактар аркылуу жубайынан чын жүрөктөн кечирим сурады.

Сүрөт: 2024 Getty Images