Жаңылыктар

Олимп оюндарында кайсы өлкөлөр алдыда?
Спорт
Олимп оюндарында кайсы өлкөлөр алдыда?

Парижде өтүп жаткан жайкы Олимп оюндары 4-күнгө карады. 29-июлга (саат 13:30) карата алтын медалдардын саны боюнча Япония менен Австралия курамалары алдыда келе жатат.

Япониянын эсебинде 7 медаль бар: 4 алтын, 2 күмүш, 1 коло.

Австралияда 4 алтын, 2 күмүш, 1 коло.

Ал эми алдыңкы үчтүктү АКШнын командасы жапты. Аларда 3 алтын, 6 күмүш, 3 коло бар.

Коңшу өлкөлөрдөн Казакстан 8-орунда келе жатат. Азыркы учурда аларда 1 алтын, 2 коло бар. Ал эми Өзбекстанда 1 алтын.

Олимпиада оюндарын УТРК, УТРК СПОРТ, АЛА ТОО 24, МАДАНИЯТ телеканалдарынан түз эфирден көрүңүздөр.