Жаңылыктар

Кореялык спортчу ок атуу боюнча Олимпиада рекордун кайталады
Кыргызстан жаңылыктары
Кореялык спортчу ок атуу боюнча Олимпиада рекордун кайталады

Кореялык спортчу Бан Хёджин аялдар арасында пневматикалык куралдан 10 метрге ок атууда алтын медаль жеңип алды.

16 жашар спортчу Бан Хёджин кытайлык Хуан Юйтинди 251,8 упай менен финалдык тирешүүдө уткан. 

Бул упай 2020-жылы Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында Кытай спортчусу Ян Цянь койгон рекордго тете болду.

Бул спорттун түрү боюнча Корея 1992-жылдан бери алтын медаль алган эмес.