Жаңылыктар

Олимпиада-2024: Казакстан экинчи коло медалын алды
Спорт
Олимпиада-2024: Казакстан экинчи коло медалын алды

Париж Олимп оюндарында казакстандык дзюдочу Гусман Кыргызбаев 66 килограмм салмакта коло медаль тагынды. 

Спортчу жарым финалга чейин жетип, анда бразилиялык Виллиан Лимага утулуп калган. Бирок ал медалдар үчүн күрөштө калып, үчүнчү орун үчүн таймашты.

Бул турда ал сербиялык Страхиня Бунчич менен беттешти. 

Гусман бир упайга ээ болуп, жыйынтыгында аны  күрөштүн жеңүүчүсү кылды.

Казакстан үчүн анын медалы 2024-жылкы  Олимпиададагы үчүнчү медаль болду. Буга чейин алтын байгени дзюдочу Элдос Сметов  алган. Ал эми Александра Ле менен Ислам Сатпаев ок атуу боюнча коло медалга ээ  болушкан.