Жаңылыктар

Олимпиада-2024: Бүгүн Денис Петрашов 25 спортчу менен 200 метрге сүзөт
Кыргызстан жаңылыктары
Олимпиада-2024: Бүгүн Денис Петрашов 25 спортчу менен 200 метрге сүзөт

Бүгүн, 30-июлда  Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында Кыргызстандан бир спортчу күч сынашат.  Денис Петрашов 200 метрге брасс ыкмасы менен сүзөт. 

Жалпысынан 25 спортчу катталып, алар алдын ала этапта 4 тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандык үчүнчү топто чыгат. 

Бул аралыкта алдын ала сүзүүлөр Бишкек убактысы боюнча саат 16:51де башталат. 

Петрашов буга чейин Париждеги оюндарга катышып, 100 метрге брасс стилинде 23-орунду ээлеген.