Жаңылыктар

Азербайжан 8 жылдан бери Олимпиадада биринчи жолу алтын утту
Спорт
Азербайжан 8 жылдан бери Олимпиадада биринчи жолу алтын утту

Азербайжандык дзюдочу Хидаят Гейдаров 73 килограммга чейинки салмак ченинде Олимпиаданын жеңүүчүсү болду. Финалдык беттеште француз Жоан-Бенжамен Габаны иппон менен жеңип алды.

Бул Париж Олимпиадасында Азербайжан үчүн биринчи алтын. Ал эми Олимпиада оюндарынын тарыхындагы юбилейлик 50-алтын медаль.

Бул салмакта дзюдо боюнча күмүш медалды француз Жоан-Бенжамен Габа, ал эми колону япониялык Соити Хасимото жана молдовалык Адиль Османов жеңди.

Белгилей кетсек, 27 жаштагы Хидаят Гейдаров Дүйнө чемпиону жана Европанын төрт жолку чемпиону.