Жаңылыктар

Бүгүн Олимпиадада 12 медаль топтому ойнотулат
Спорт
Бүгүн Олимпиадада 12 медаль топтому ойнотулат

Бүгүн, 30-июлда Париж Олимп оюндарында спортчулар 12 медаль топтому үчүн, спорттун сегиз түрү боюнча күч сынашат.

Алар: дзюдо, спорт гимнастикасы, сууда сүзүү, фехтование, жаа атуу, триатлон, стол тенниси жана кыз-келиндер арасындагы регби.

Ал эми Кыргызстандан Денис Петрашов 200 метрге брасс ыкмасы менен сүзөт. Жарыштар Бишкек убактысы боюнча саат 16:51де башталат.

Олимпиада оюндарын күн сайын УТРК, УТРК СПОРТ, АЛА ТОО 24, МАДАНИЯТ телеканалдарынан түз эфирден көрүңүздөр.