Жаңылыктар

Денис Петрашов: жарым финалга карай жол
Кыргызстан жаңылыктары
Денис Петрашов: жарым финалга карай жол

 Денис Петрашов брасс ыкмасы менен 200 метр аралыктагы жарышта жарым финалга чыкты.

Аталган дистанцияда 25 суучул таймашка түштү. Петрашов 2 мүнөт 10,99 секундда марага келди. Жыйынтыгында ал 16-орунду ээлеп, жарым финалга чыккан суучулдардын катарына кирди. Белгилей кетсек, жарым финалга убакыт боюнча эрте келген 16 спортчу өтмөк.

Жарым финал 31-июлга караган түнү Бишкек убактысы боюнча саат 01:59да болот. Финалга 8 мыкты спортчу өтөт.

Эскерте кетсек, Олимпиада оюндарын УТРК СПОРТ телеканалында түз эфирде көрүңүздөр!