Жаңылыктар

Олимпиада-2024: Бүгүн түнү Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча мелдешке чыгат
Бокс
Олимпиада-2024: Бүгүн түнү Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча мелдешке чыгат

31-июлдан 1-августка караган түнү саат 00:00дө Париж Олимп оюндарында мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча мелдешке чыгат.

Мунарбек Сейитбек уулу 1/8 финалда кубалык Орта Родригес Дель Рей Сайдель Иван менен күч сынашат. Ал 57 килограммга чейинки салмакта мушташат.

22 жаштагы кубалык мушкер 2023-жылы Өзбекстанда өткөн Дүйнө чемпионатында күмүш медаль утса, Мунарбек Сейитбек уулу коло медалга ээ болгон.

Орта Родригес Дель Рей Сайдель Иван 2023-жылы Чилиде өткөн Панамерика оюндарында 2-орунду ээлеп, Олимпиадага лицензия алган. Финалда ал америкалык Джамал Харвиге утулуп калган.