Жаңылыктар

Мунарбек Сейитбек уулу тууралуу кызыктуу фактылар
Бокс
Мунарбек Сейитбек уулу тууралуу кызыктуу фактылар

Мунарбек Сейитбек уулу 1996-жылы 1-январда Ош шаарында төрөлгөн.

Ош мамлекеттик университетинин дене тарбия жана педагогика факультетин бүтүргөн.

Кыргызстандын бокс боюнча курама командасынын мүчөсү.

Эл аралык даражадагы спорт чебери.

Ташкентте өткөн Дүйнө чемпионатында 3-орунду ээлеп, Кыргызстандын эгемендик тарыхындагы алгачкы медаль уткан мушкер болгон.

Жетишкендиктери:

  • Кыргызстандын беш жолку чемпиону;
  • Студенттер аралык дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган;
  • Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси;
  • Азия чемпионатынын коло медалынын ээси.