Жаңылыктар

Бүгүн Олимпиадада 20 медаль топтому ойнотулат
Спорт
Бүгүн Олимпиадада 20 медаль топтому ойнотулат

Бүгүн, 31-июлда Париж Олимп оюндарында спортчулар 20 медаль топтому үчүн спорттун 11 түрү боюнча күч сынашат.

Алар: сууда сүзүү, сууга секирүү, фехтование, көркөм гимнастика, дзюдо, кайык слалом, BMX велоспорту, кайыкта жарыш, ок атуу, серфинг жана триатлон.

Кыргызстандан дзюдочу Эрлан Шеров менен мушкер Мунарбек Сейитбек уулу таймашка чыгат.

Эрлан Шеровдун мелдеши Бишкек убактысы боюнча саат 14:00дө башталат. Ал эми Мунарбек Сейитбек уулунуку 31-июлдан 1-августка караган түнү саат 02:00дө башталат.

Олимпиада оюндарын күн сайын УТРК, УТРК СПОРТ, АЛА ТОО 24, МАДАНИЯТ, МУЗЫКА телеканалдарынан түз эфирден көрүңүздөр.