Жаңылыктар

Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча чейрек финалга чыкты
Бокс
Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча чейрек финалга чыкты

1-августта Париж Олимп оюндарында мушкер Мунарбек Сейитбек уулу бокс боюнча мелдеште чейрек финалга чыкты.

Ал 57 килограммга чейинки салмакта 1/8 финалда кубалык Орта Родригес Дель Рей Сайдель Иванды жеңди.

Чейрек финалдагы беттеш 3-августтан 4-августка караган түнү болот. 

Мунарбек Сейитбек уулу Кыргызстандын беш жолку чемпиону, студенттер аралык дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган, Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси, Азия чемпионатында коло медаль уткан.