Жаңылыктар

1-август. Олимп оюндарында кайсы өлкөлөр алдыда?
Спорт
1-август. Олимп оюндарында кайсы өлкөлөр алдыда?

1-август (саат 11:00) карата алтын медалдардын саны боюнча Кытай менен Франция курамалары алдыда келе жатат.

Кытайдын эсебинде 19 медаль бар: 9 алтын, 7 күмүш, 3 коло.

Францияда 26 медаль бар: 8 алтын, 10 күмүш, 8 коло.

Ал эми алдыңкы үчтүктү Япония командасы жапты. Аларда 8 алтын, 3 күмүш, 4 коло бар.

Коңшу өлкөлөрдөн Казакстан 16-орунда келе жатат. Азыркы учурда аларда 1 алтын, 2 коло бар. Ал эми Өзбекстанда 1 алтын.

Олимпиада оюндарын УТРК, УТРК СПОРТ, АЛА ТОО 24, МАДАНИЯТ телеканалдарынан түз эфирден көрүңүздөр.