Жаңылыктар

Египеттик спортчу кош бойлуу экенине карабай Олимпиадага катышкан
Спорт
Египеттик спортчу кош бойлуу экенине карабай Олимпиадага катышкан

Франциянын борбору Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында 26 жаштагы египеттик спортчу Нада Хафез фехтование боюнча турнирге кош бойлуу экенине карабай катышканын моюнга алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Спортчу 1/8 финалга чыгып, Түштүк Кореянын өкүлүнөн 7:15 эсебинде утулуп калган.

Мелдештен соң Нада Хафез беттешке 2 эмес, 3 адам катышканын билдирди.

“Бул беттешке мен, менин атаандашым жана менин жарыкка келе элек наристем болуп чыктык. Балам экөөбүзгө физикалык жактан да, эмоционалдык жактан да кыйын болду. Мага ишенген үй-бүлөмө жана жолдошума ыраазычылык”,- деп жазды ал.

Ал эми машыктыруучусу Винсент Анстте шакирти кош бойлуу экенин мелдештен соң гана билгенин айткан.

Интернет колдонуучулар Нада Хафездин тайманбастыгын жана эрктүүлүгүн жогору баалашууда. Айрымдары аны өзүмчүл деп сындаган пикирлерди да жазышкан.