Жаңылыктар

Олимпиада-2024: Түркиялык спортчу интернет жылдызына айланды
Спорт
Олимпиада-2024: Түркиялык спортчу интернет жылдызына айланды

Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында түркиялык спортчу Юсуф Дикеч интернет жылдызына айланды. Бул тууралуу бир нече чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, 51 жаштагы спортчу 10 метр аралыкка пневматикалык тапанчадан ок атуу боюнча күмүш медаль тагынды.

Бирок спорт күйөрмандарын башка жагдай таң калтырууда.

Дикеч мелдешке атайын жабдыктарды: көз айнек жана добуш басаңдатуучу кулакчын колдонуунун ордуна, кадимки көз айнек жана уюлдук телефондун кулакчынын тагынып чыккан.

Түркиялык спортчу Олимп оюндарына бешинчи ирет катышып, алгачкы медалын тагынды.