Жаңылыктар

Олимпиада-2024: Кыргызстандык эки спортчу кайсы күнү мелдешке чыгат?
Спорт
Олимпиада-2024: Кыргызстандык эки спортчу кайсы күнү мелдешке чыгат?

3-августта Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында суучул Елизавета Печерских мелдешке чыгат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Елизавета Печерских эркин стилде 50 метр аралыкка сүзөт. Жарыш Бишкек убактысы менен саат 15:00дө башталат.

 
Ал эми Мунарбек Сейитбек уулу (57 кг) 3-августтан 4-августка караган түнү саат 00:00дө бокс боюнча чейрек финалда америкалык Жамал Харви менен күч сынашат.

 
Белгилей кетсек, буга чейин кыргызстандык спортчу биринчи беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда кубалык Орта Родригес Дель Рей Сайдель Иванды жеңип, чейрек финалга чыккан.

Сууда сүзүү

Елизавета Печерских — 50 метрге эркин сүзүү

15:00 — жарыштын башталышы

Бокс

Мунарбек Сейитбек уулу — 57 килограммга чейинки салмакта

 Саат 00:00 - 1/4 финал