Жаңылыктар

Бүгүн түнү Мунарбек Сейитбек уулу беттешке чыгат
Бокс
Бүгүн түнү Мунарбек Сейитбек уулу беттешке чыгат

3-августтан 4-августка караган түнү саат 00:00дө Олимп оюндарында мушкер Мунарбек Сейитбек уулу беттешке чыгат.

Ал 57 килограмм салмак ченинде чейрек финалда америкалык спортчу Жамал Харви менен күч сынашат.

Кыргыз спортчусунун атаандашы 22 жашта. АКШнын бокс боюнча курамасынын мүчөсү, бокс боюнча дүйнө чемпиону.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргызстандык спортчу биринчи беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда кубалык Орта Родригес Дель Рей Сайдель Иванды жеңип, чейрек финалга чыккан.