Жаңылыктар

Мунарбек Сейитбек уулу экинчи ирет атаандашын жеңди
Бокс
Мунарбек Сейитбек уулу экинчи ирет атаандашын жеңди

Ал 57 килограмм салмак ченинде чейрек финалда америкалык спортчу Жамал Харвини утуп, жарым финалга чыкты.

Мунарбек Сейитбек уулу Кыргызстандын беш жолку чемпиону, студенттер аралык дүйнө чемпионатында коло медаль тагынган, Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси, Азия чемпионатында коло медаль уткан.

Жарым финалдык беттеш 8-августта өтөт.

Белгилей кетсек, буга чейин кыргызстандык спортчу биринчи беттешин 1/8 финалдык баскычтан баштап, анда кубалык Орта Родригес Дель Рей Сайдель Иванды жеңип, чейрек финалга чыккан.