Жаңылыктар

Мунарбек Сейитбек уулу: “Кыргызстанга алтын медаль алып келгенге аракет кылам”
Бокс
Мунарбек Сейитбек уулу: “Кыргызстанга алтын медаль алып келгенге аракет кылам”

Кыргызстандык мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиада оюндарында чейрек финалда жеңишке жеткендеги эмоциялары менен бөлүштү.

Ал 4-августка караган түнү 57 килограммга чейинки салмак ченинде АКШнын спортчусу дүйнө чемпиону Жамал Харвини жеңип, жарым финалга чыккан.

Төмөндө спортчу менен болгон кыскача маек.

- Кандай эмоцияларга кабылдыңыз?

- Жарым финалга чыктык, бирок ушуну менен токтоп калбоо үчүн болгон аракетибизди жумшап жатабыз. Жарым финалда, финалда жеңишке жетип, Кыргызстанга алтын медаль алып келгенге аракет кылам.

-Беттешке даярдык кандай болду?

- Даярдык жакшы болду. Баары машыктыруучулар айткандай болуп чыкты. Маанай жакшы.

- Атаандашыңыз тууралуу кеп болсун...

- Атаандашым жакшы оюн көргөздү. Кантсе да ал Дүйнө чемпиону эмеспи. Ал дагы абдан аракет кылды, бирок жеңиш биз тарапта болду. Колдооңуздарга рахмат!