Жаңылыктар

Олимпиада 2024: Мээрим Жуманазарова атаандашы менен былтыр да беттешкен
Күрөш
Олимпиада 2024: Мээрим Жуманазарова атаандашы менен былтыр да беттешкен

Кечээ, 4-августта Париж Олимпиадасында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча спортчулардын атаандаштарын аныктоо үчүн чүчү кулак кармалды. Анда Мээрим Жуманазарова монголиялык спортчу Энхсайхан Дэлгермаа менен килемге чыгары белгилүү болду.

25 жаштагы Энхсайхан Дэлгермаа менен Мээрим Жуманазарова былтыр Бишкекте өткөн Каба уулу Кожомкулдун элесине арналган турнирде беттешкен. Анда жарым финалда монголиялык спортчу 3:1 эсебинде жеңишке жеткен.

Энхсайхан Дэлгермаа 2023-жылы Дүйнө чемпионатында күмүш байгеге татыган. Азия оюндарында коло байге алган, ошондой эле Азия чемпионатында бир нече медалдардын ээси болгон.

Мээрим Жуманазарова бүгүн, 5-августта кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча 68 килограмм салмакта килемге чыгат.