Жаңылыктар

Олимпиада-2024: Франция өкмөтү 11 млрд евро коротту
Спорт
Олимпиада-2024: Франция өкмөтү 11 млрд евро коротту

Оксфорд университетинин бизнес мектебинин экономисттери Олимпиада оюндарын уюштуруу үчүн Франция өкмөтү 11 миллиард евро сарптаганын эсептеп чыкты.

Маалыматка караганда, француз бийлиги алдын ала эсептөөлөр боюнча 6,2 миллиард евро коротууну пландап жаткан. Бирок оюндун ачылыш аземин уюштуруу үчүн сарпталган чыгымдан кийин, Олимпида өткөрүүгө бөлүнгөн каражат эки эсе көбөйүп кеткен. Бул тууралуу "Коммерсантъ" басылмасы жазды.

“Нөшөрлөгөн жамгырдан кийин суунун сапаты начарлап, ачылыш аземди уюштуруу үчүн Сена дарыясын тазалоого туура келди. Бул өз кезегинде уюштурууга кеткен чыгымды көбөйттү”,-деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 2024-жылкы жайкы Олимпиада 11-августта аяктайт.