Жаңылыктар

Сүйүнчү! Жоламан Шаршенбеков чейрек финалда
Күрөш
Сүйүнчү! Жоламан Шаршенбеков чейрек финалда

Бүгүн, 5-августта Жоламан Шаршенбеков беттешке чыкты. Ал 1/8 финалда Казакстандын балбаны Айдос Султангали менен күч сынашып, жеңишти камсыздады. 

Кыргыз балбаны атаандашын 6:3 упай менен утту.

Балбан грек-рим күрөшү боюнча 60 кг чейинки салмакта килемге чыккан.

Эске сала кетсек, Шаршенбеков казак спортчусу менен акыркы жолу 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун жарым финалында кез келип, беттеш кыргызстандык балбандын жеңиши менен аяктаган.