Жаңылыктар

Үзүр Жусупбековдун атаандашы белгилүү болду
Күрөш
Үзүр Жусупбековдун атаандашы белгилүү болду

Парижде өтүп жаткан Олимпиада оюндарында 6-августта грек-рим күрөшүнөн 97 килограммга чейинки салмак ченинде Үзүр Жусупбеков килемге чыгат.

Чүчү кулактын жыйынтыгы менен Жусупбеков биринчи беттешинде литвалык Миндаугас Венцкайтис менен күрөшөт.

22 жаштагы Миндаугас Венцкайтис 2023-жылы Европа жана Дүйнө чемпиондугуна катышкан. 2024-жылдын 5-апрелинде Бакуда өткөн Европалык квалификациялык турнирде 97 килограммга чейинки салмак категориясында Париждеги Олимпиада оюндарына лицензия жеңип алган.

Беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.