Жаңылыктар

Акжол Махмудов чейрек финалга чыкты
Күрөш
Акжол Махмудов чейрек финалга чыкты

Бүгүн Олимп оюндарында Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 77 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Ал 1/8 финалда АКШнын спортчусу Камал Бэйди 4:1 упай менен жеңип, чейрек финалга өттү.

Камал Бэй Панамерикалык оюндардын жеңүүчүсү, Панамерикалык чемпионаттын байге ээси.

Америкалык балбан Махмудовдун көптөн берки атаандашы.

Экөө жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында финалдык баскычта кез келип, биринчи мелдеште Акжол 1:3 эсебинде жеңилип калган. Ал эми экинчи жолу балбандар коло медаль үчүн күрөшүп, 3:1 упай менен Махмудов жеңишке жеткен.