Жаңылыктар

Амантур Исмаиловдун атаандашы грузиялык Рамаз Зоидзе
Күрөш
Амантур Исмаиловдун атаандашы грузиялык Рамаз Зоидзе

Бүгүн, 7-августта Олимпиадада Амантур Исмаилов грек-рим күрөшү боюнча килемге чыгат.

Кыргыз балбаны грек-рим күрөшү боюнча 67 кг чейинки салмактагы спортчулар менен күч сынашат.

Амантурдун атаандашы грузиялык Рамаз Зоидзе.

Грузиянын 28 жаштагы спортчусунун жетишкендиктери:

-Өспүрүмдөр арасындагы Европа чемпионаты (2016) – алтын медаль;

-Жаштар арасындагы дүйнөлүк чемпионат (2016) – алтын медаль;

-Европа чемпионаты U23 (2017) – алтын медаль;

-Европа чемпионаты U23 (2018) – алтын медаль;

-U23 Дүйнө чемпиондугу (2018) – алтын медаль.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 15:00дө башталат.

Түз эфирди УТРК жана СПОРТ телеканалынан көрүңүздөр.