Жаңылыктар

Акжол Махмудов көңүл жубатуучу мелдеште жеңди
Күрөш
Акжол Махмудов көңүл жубатуучу мелдеште жеңди

Бүгүн, 7-августта Париж Олимп оюндарында Акжол Махмудов килемге чыкты.

Кыргыз балбаны Колумбиянын спортчусу Алексис Муньоз менен 77 килограмм салмак категориясында күч сынашты.

Акжол Махмудов 9:0 эсебинде атаандашын утту.

Бүгүн коло медаль үчүн күрөшөт.

Акжол Махмудов 25 жашта. Токио Олимпиадасынын күмүш байге ээси, Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону. 23 жашка чейинки дүйнөлүк чемпионаттын коло байгесинин ээси, Азия оюндарынын жеңүүчүсү.