Жаңылыктар

Акжол Махмудов Олимпиаданын коло медалын жеңди
Күрөш
 Акжол Махмудов Олимпиаданын коло медалын жеңди

Бүгүн, 8-августта Париж Олимп оюндарында Акжол Махмудов килемге чыкты.

Кыргыз балбаны азербайжандык Санан Сулейманов менен 77 килограмм салмак категориясында коло медаль үчүн күрөштү.

Акжол Махмудов 6:5 эсебинде атаандашын утуп, коло байгеге ээ болду.

Кыргыз спортчусу 25 жашта. Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси, Дүйнөнүн эки жолку, Азиянын үч жолку чемпиону. 23 жашка чейинки дүйнөлүк чемпионаттын коло байгесинин ээси, Азия оюндарынын жеңүүчүсү.