Жаңылыктар

Кыргызстандын куржунунда дагы бир коло медаль бар
Күрөш
 Кыргызстандын куржунунда дагы бир коло медаль бар

Бүгүн, 8-августта Үзүр Жузупбеков коло медаль үчүн мелдешке чыкты. Ал грек-рим күрөшү боюнча 97 кг чейинки салмак ченинде күч сынашты.

Кыргыз балбаны менен атаандашы египеттик Мохамед Габрдын упайы 1:1 эсебинде болуп, акыркы кыймыл-аракет Үзүр тараптан болгондуктан, ал коло медаль тагынды.

Кыргызстандык спортчу 5-августта өткөн мелдештерде литвалык атаандашын жеңип, ал эми жарым финалда ирандык Мохаммадхади Сарави менен беттешип, жеңилип калган. Ирандык спортчу жарым финалда египеттик Мохамед Хаберди жеңип, Жузупбековго коло медаль үчүн күрөшүүгө жол ачылган.

Көңүл жубатуучу беттеште Үзүр Жузупбеков АКШлык Джозеф Патрик Рауну 9:4 упай менен жеңип, коло медаль үчүн беттешүүгө жол ачылган.