Жаңылыктар

Кыргызстан медалдардын саны боюнча 58-орунда
Спорт
Кыргызстан медалдардын саны боюнча 58-орунда

Олимпиада  оюндарында медалдардын саны боюнча биринчи үчтүктө Америка, Кытай, Австралия  турат. 

 

Америка  жалпы 94 медаль: 27 алтын, 25 күмүш, 32 коло;

Кытай  жалпы 65 медаль: 25 алтын, 23 күмүш, 17 коло;

Австралия  жалпы 41 медаль: 18 алтын, 12 күмүш, 11 коло.


Коңшу  өлкөлөрдөн Казакстан 28-орунда. Алардын куржунунда жалпы 7 медаль бар: 1 алтын,  3 күмүш, 3 коло;

43- орунду ээлеген Өзбекстан жалпы 3 медаль уткан: 1 алтын, 2 коло;

Тажикстан   3 коло медаль 67-орунда.


Ал эми  Кыргызстан 58-орунга жайгашты. Капчыкта 1 күмүш, 3 коло медаль бар.