Жаңылыктар

Үзүр Жузупбеков: “Буюрса, кийинки Олимпиадада чемпион болом”
Күрөш
Үзүр Жузупбеков: “Буюрса, кийинки Олимпиадада чемпион болом”

Париж Олим оюндарында коло байге уткан Үзүр Жүзупбеков журналисттердин суроолоруна жооп берип, Париждеги беттештери жөнүндө айтып берди.

"Олимпиадага келе жатканда бардык эле спортчу, чемпион бололу, желегибизди желбиретели деп келишет. Ирандык балбанга утулуп калдым, эми болор иш болду, коло медалды насип кылыптыр, ушуга да шүгүр. Буюрса, Кыргызстанга барганда машыктыруучулар менен кийинки оюндарга даярдык көрөбүз. Мен көбүрөөк ката кетирип, тактикалык жактан атаандаштарга утулуп калып жатам. Ушул катамды оңдошум керек. АКШлык балбан менен беттешке чыккан күнү өзүмдү жаман сезип жаттым, билбейм эмнеге же туура эмес тамактанып алдымбы, тамактары жакпай калдыбы билбейм. Буюрса, кийинки Олимп оюндарында чемпион болом",- деди ал.

Эске салсак, кыргызстандык спортчу коло байге үчүн мелдеште египеттик Мохаммед Габр менен беттешке чыгып, 1:1 эсебинде болуп, акыркы кыймыл-аракет Үзүр тараптан болгондуктан, ал коло медаль тагынды.