Жаңылыктар

Олимпиадада кырктан ашуун спортчу коронавирус жуктуруп алды
Спорт
Олимпиадада кырктан ашуун спортчу коронавирус жуктуруп алды

Париждеги Олимпиада учурунда кырктан ашык спортчу коронавирус жуктурган. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДСУ) өкүлү Мария Фон Керков, 6-августта өткөн маалымат жыйынында журналисттерге билдирди.

“Тесттин жыйынтыгы менен кеминде 40 спортчудан коронавирус аныкталды. Ооруга чалдыккандардын арасында сууда сүзүү боюнча курама команданын айрым мүчөлөрү, анын ичинде 200 метрге брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Зак Стабблти-Кук дагы бар”,-деди ДСУнун өкүлү.

Жалпысынан Париж Олимпиадасында 84 ПЧР тест жүргүзүлүп, жарымына жакыны таза чыккан.

Буга чейин, 4-августта бельгиялык триатлончу Клэр Мишель Сенада өткөн Олимпиададагы мелдештен кийин ичеги таякчасы менен ооруканага жаткырылган. Мындан улам Бельгия курамасы мелдешке катыша албай калган.