Жаңылыктар

Амантур Исмаилов коло медаль үчүн күрөшөт
Күрөш
Амантур Исмаилов коло медаль үчүн күрөшөт

Бүгүн, 8-августта Париж Олимпиада оюндарында Амантур Исмаилов коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк бере турган көңүл жубатуучу беттешке чыкты.

Ал грек-рим күрөшү боюнча мелдешке 67 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, сербиялык Мате Немешти 8:0 упай менен убактысынан эрте жеңди.

Кыргызстандык балбан беттештерин 1/8 финалдан баштап, Грузиянын спортчусу Рамаз Зоидзени мөөнөтүнөн мурда 12:1 эсебинде жеңип алган. Чейрек финалда Исмаилов украиналык Парвиз Насибов менен килемде жолугуп, 7:6 упай менен жеңишти колдон чыгарып жиберген.

Украиналык спортчу финалга чыгып, Исмаиловго коло медаль үчүн күрөштү улантууга мүмкүнчүлүк берилген.